• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чек арадагы чыр. Жабыркагандардын саны 51 кишиге жетип, үчөө каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 30.04.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан улам жабыркагандардын саны саат 23:30га карата 51 кишиге жетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы 3 адам каза болду: эки учур Баткен облустук ооруканасында, бир өлүм учуру Баткен облусунун Лейлек районунда – 2008-жылы туулган кыз ооруканага жетпей жолдо көз жумду.

Пикир

Оставить комментарий