• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өрт боюнча катталган фактылар текшерилип, кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда – ИИМ

Кырсык 0

Бишкек, 19.09.18. /Кабар/. Учурда өрт боюнча фактылардын бардыгы текшерилүүдө, кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР ИИМдин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Утемисов билдирди.

Анын айтымында, бул жылы бардыгы болуп 14 ири өрт боюнча факты катталган. Алардын ичинен сегизи базарларда катталган, анын катарында “Арзу” жана “Супара” ресторандары да бар.

“Бардык фактылар боюнча текшерүү жүрүп жатат, алардын айрымдары боюнча кылмыш иши козголду. Мисалга, эркин экономикалык аймактагы өрт, бул кырдаал боюнча кылмыш иши козголгон. Андан тышкары, “Арзу” жана “Супара” ресторандарындагы өрт боюнча экспертиза жүрүүдө, тергөө тобу түзүлгөн. Бирок бул жерде айта кетүүчү жагдай, аталган эки ресторандын кожоюндары милицияга арыз жазышкан эмес. Ага карабастан бул жагдайлар боюнча эч бир версияны жокко чыгара албайбыз, ошондуктан да учурда кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатат”, - деп билдирди ал.

Ал кошумчалагандай, Караколдогу базарда болгон өрт боюнча учурда болжолдуу версия – шашлык жасагандар көмүрдүн чогун аягына чейин өчүрбөй койгондугуна байланыштуу жалын базарды каптаган.

Бирок акыркы тыянак тергөө аяктаганда гана маалым болот.

Пикир

Оставить комментарий