• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды. Окуянын чоо-жайы

Кырсык 0

Бишкек, 12.04.22./Кабар/. 2022-жылдын 12-апрелинде мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара кезмети Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Селкана жерлигинде кызматын өтөп жаткан. Ал эми чектеш аймакта тажик чек арачылары пайда болуп, алар кыргыз аскер кызматкерлерин көрүп, мамлекеттик чек аранын шарттуу сызыгын көздөй багытын улантышкан. Кыргыз чек арачыларынын токтоп, чек ара сызыгынан өз аймагына өтүү талабына тажик чек арачылары көңүл бурбай, чек араны кесип өтүп, Кыргызстандын аймагына 20 метр тереңдикте кирип кетишкен.

Буга жооп кылып тажик чек арачылары кыргыз чек арачыларына ок чыгарган.

Эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн натыйжасында ок атышуу токтотулган. Ок атышуулардын натыйжасында кыргыз тараптан жабыркагандар жана жаракат алгандардар жок.

Алдын-ала маалыматтар боюнча, Тажикстандын бир аскер кызматкери откон жаракат алган.

Азыркы учурда Кыргызстандын Лейлек жана Тажикстандын Ганчи багыттары боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп жатат. Кечки саат 21.20 карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт.

Пикир

Оставить комментарий