• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузакта 8-класстын окуучусу катуу сабалып, ооруканада каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 02.03.23. /Кабар/. Сузакта 8-класстын окуучусу катуу сабалып, ооруканада каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-мартта болжол менен саат 17:00 чамасында Сузак РИИБдин 102 номерине жергиликтүү тургун иниси Сузак районунун Сафаровка айылындадагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу Т.М. өзү окуган мектептин аймагында тааныш балдар тарабынан сабалып, Октябрь аймактык ооруканасына алып келгенде өзүнө келбей каза болгондугун билдирген.

Бул маалымат ошол эле күнү райондук милицияга катталып, алдын ала текшерүү иштери башталган.

сузак райондук милициясынын ыкчам тобу оку болгон жерде тиешелүү иштерди алып барышкан. Ал эми 2008-жылы туулган Т.М.нын сөөгүнө соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Аталган факты боюнча Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө ошол күнү 14:00 чамасында Сафаровка айылында жайгашкан эски мектептин имаратынын ичинде ушул эле мектептин 10-классынын окуучулары 2006-жылы туулган Д.М. жана Ю.Ж., 2007-жылы туулган С.А. жана А.Ө., ошол эле мектептин 9-классынын окуучулары Т.М., Э.Э. , И.Б., К.М. жана Ж.Т.ны “эмнеге түндөсү көчөгө чыкпай жатасыңар” деп ур-тепкиге алып жатышканда 2008-жылы туулган Т.М. денесине келтирилген жарааттан улам жерге жыгылып, башы дубалдын кырына тийип жарылып, денесинен оор жарат алган жана окуя болгон жерде каза болгондугу такталган.

Кылмыш иши боюнча Д.М., Ю.Ж., С.А. жана А.Ө.лар Сузак райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий