• 88.68
  • 95
  • 0.95

Сокулукта айылдаштар арасында чыр чыкты. Бир адам каза болуп, дагы бирөө ооруканага түштү

Кырсык 0


Бишкек, 22.09.23./Кабар/. Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында ок атуучу курал колдонулган окуянын бардык катышуучулары такталып, кырдаал милициянын көзөмөлүндө, деп билдирет Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-сентябрда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын клиникалык ооруканасына Жаңы-Жер (20-хутор) айылынын тургуну 1954-жылы туулган А.А. аттуу жарандын денесинде октон алган жаракаты менен дансыз денеси жеткирилгендиги тууралуу билдирүү түшкөн.

Ошондой эле аталган клиникалык ооруканага ошол эле Жаңы-Жер айылынын (20-хутор) экинчи тургуну 1986-жылы туулган Г.М. аттуу жаран октон алган жаракаты менен жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факт Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, КР КЖКнын 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө окуя айылдаштар, жаштардын ата-энелеринин ортосунда болуп, муундар арасында «улууларды сыйлоо» эрежесин сактабагандыктан чыр-чатактар болгондугу аныкталган.

Окуя болгон эки тарап тең бир улуттан жана алардын ортосунда мурда эч кандай чыр-чатактар болгон эмес.

Учурда окуянын бардык катышуучулары аныкталып, зарыл болгон тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшү жана жүргүзүлүп жаткан бардык иштер КР ИИМ жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынган.

Облустук милициядан окуя боюнча тергөө иш-чаралары аяктагандан кийин кошумча маалымат берилерин кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий