• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Санкт-Петербургда кыргызстандыктар мекендештерине кол салып, акчаларын тартып алышкан

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.04.22. /Кабар/. Жалпыга маалымдоо каражаттарында чыгып жаткан "Санкт-Петербургдагы кыргызстандыктар башка мигранттарга кол салып, тоноп кетишкен" деген маалыматка байланыштуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы Канцеляриясы төмөндөгүлөрдү билдирет.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, 2022-жылдын 11-апрелинде Санкт-Петербург шаарынын Выборгский районунда Кыргызстандын 2 жараны Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 162-беренеси ("Каракчылык") менен каралган кылмыш ишин жасап, бир топ адам менен биргеликте өз мекендештерине каракчылык менен кол салып, алардын телефондорун жана акчаларын тартып алышкан.

Иштин бардык жагдайларын тактоо жана расмий билдирүү алуу үчүн КРнын РФдагы элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы Канцеляриясы тарабынан Россиянын Тергөө комитетинин Санкт-Петербург шаары боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын Выборгский району боюнча тергөө бөлүмүнө жана Россиянын Санкт-Петербургдун Выборгский району боюнча Ички иштер министрлигине суроо-талап жиберилди".

Пикир

Оставить комментарий