• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Абылгазиев: Министрлер кабинетинин түзүмүнүн тез-тез алмашуусу экономиканын өсүшүнө алып келген жок, кесипкөйлөрдү алып келүү керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 19.09.18. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн түзүмүнүн бат-бат алмашуусу экономиканын өсүшүнө алып келген жок, андыктан компетенттүү адамдарды алып келүү керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештеги отурумда билдирди.

Депутаттар өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү пландалып жатабы деп кызыгышты. Премьер учурда бардык мамлекеттик органдардын анализин жүргүзүп жаткан жумушчу топ түзүлгөнүн билдирди.

“Бизде министрликтер эле эмес, кызматтар жана агенттиктер бар. Биз алардын ишмердүүлүгүнүн анализин жүргүзөбүз. Өкмөттүн түзүмүн канча өзгөртсөк деле андан экономика өскөн жок. Эң башкысы, компетенттүү адамдарды алып келүү керек. Түзүм боюнча жооп 1,5 же 2 айдан кийин болот деп айтпайбыз. Биз иштей турган министрлер кабинетинин түзүмүн түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз”, - деди өкмөт башчы.

Бир нече депутаттар Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин түзүмүнүн маселесин козгошту.

Абылгазиев аталган комитет бир канча тармакты бирге алып кете аларын билдирди.

“Өнөр жай, жер казынасын пайдалануу жана энергетиканы эгер ал жакта компетенттүү адам отура турган болсо, бир ведомствого бириктирсе болот. Төраганын орун басары катары адисти дайындайбыз. Биз түзүмдү жөн эле өзгөрткүбүз келбей турганда ал менен кантип иштөөгө мүмкүн экендигин көргүбүз келип жатат”, - деп кошумчалады Абылгазиев.

Пикир

Оставить комментарий