• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз спортчулары "Жогорку Кеңешке 85 жыл" юбилейлик медалы менен сыйланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 29.12.23. /Кабар/. Кыргыз спортунун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн бир катар спортчулар, машыктыруучулар жана жигердүү коомдук-саясий иши үчүн мамлекеттик кызматкерлер жана маданияттын өкүлдөрү «КР Жогорку Кеңешине 85 жыл» юбилейлик медалы менен сыйланды.

Парламенттен билдиришкендей, юбилейлик медаль менен спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Мээрим Жуманазарова, Азизхан Мусабек уулу, Роман Сапаров, Элдияр Сексенбаев Нурсултан Бочонов, ошондой эле башкы машыктыруучулар Нурбек Изабеков, Каныбек Абытов сыйланды.

Сыйлыктарды Жогорку Кеңештин депутаттары Чолпон Султанбекова, Марлен Маматалиев, Шайлообек Атазов жана Равшанбек Рысбаев тапшырды.

Депутат Чолпон Султанбекова олимпиадаларда, дүйнөлүк чемпионаттарда жана Азия оюндарында баш байгелерди алып келген спортчулар жалпы элдин сыймыгы экенин баса белгиледи.

«Сиздердин ар бир жеңишиңиздер элге чоң күч-кубат берет, алдыга сүрөйт. Жогорку Кеңеш элдин өкүлдөрү болгондуктан бүгүнкү сыйлыкты жалпы элдин атынан деп кабыл алыңыздар», - деди Султанбекова.

Ал эми депутат Марлен Маматалиев спортчулардын эмгеги баа жеткис экенин белгилеп, аларга ден соолук, алдыдагы мелдештерде ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий