• 88.68
  • 95
  • 0.95

Дарыгерге онлайн жазылуу: Саламаттык сактоо министрлиги кызматты жаңылады

Ден соолук 0

Бишкек, 29.12.23. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлиги Санарип MED Саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн максаттуу моделин ишке ашыруунун алкагында интеграцияланган санариптик медициналык картаны жана дарыгердин кабыл алуусуна онлайн жазылуу кызматын киргизүүдө.

Ведомстводон билдиришкендей, кызматтын техникалык модернизациясы бейтаптарга ыңгайлуулукту жогорулатууга жана үзгүлтүксүз иштөөнү камсыз кылууга мүмкүндүк берди.

Модернизацияланган кызмат баштапкы денгээлдеги саламаттык сактоо уюмдарынын (ҮМБ, ҮДТ) үй-бүлөлүк дарыгерлеринин кабыл алуусун онлайн режиминде түзүүгө мүмкүндүк берет, өз кезегинде кууш адистиктеги дарыгердин кеңешин алуу зарыл болсо, медициналык каттоочу, дарыгер же медайым бейтапты кеңеши зарыл болгон кууш адистерге, мисалы, ЛОР, эндокринолог, кардиолог жана башкаларга жөнөтө алат.

Ошондой эле кызматты “Түндүк” электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы жана MEGA мобилдик операторунун мобилдик тиркемеси менен интеграциялоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Бул кызматты колдонуу каналдарын кеңейтип, аны жарандар үчүн ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат.

Ошентип, сиз онлайн режиминде бир нече жол менен дарыгерге жазыла аласыз:

№1 вариант. Бирдиктүү санариптик ден соолук порталынын сайты

1. i.med.kg бирдиктүү санариптик ден соолук порталына өтүңүз
2. " Дарыгердин онлайн кабыл алуусуна жазылууну" тандаңыз
3. ПИН жана телефон номериңизди киргизиңиз
4. Керектүү адисти тандаңыз
5. Ыңгайлуу күндү жана убакытты тандаңыз.

Онлайн каттоо даяр, электрондук талонду сактап, кабыл алуу күнү медициналык каттоочуга жана/же дарыгерге көрсөтүңүз.

№2 вариант. "Түндүк" мобилдик тиркемеси

1. “Түндүк” мобилдик тиркемесин ачыңыз
2. “Менин ден соолугум”, андан кийин “Дарыгерге онлайн жазылууну” тандаңыз.
3. Система сиздин маалыматтарыңызды автоматтык түрдө көрсөтөт (ПИН, сиз катталган саламаттык сактоо уюмду жана медициналык камсыздандыруунун бар экендиги, ошондой эле сиздин уюлдук телефонуңуздун номери).
4. Керектүү адисти тандаңыз
5. Ыңгайлуу күндү жана убакытты тандаңыз.

Онлайн каттоо даяр, маалыматтык документти сактап, кабыл алууга барган күнү медициналык каттоочуга жана/же дарыгерге көрсөтүңүз.

№3 вариант. Мобилдик тиркеме "MegaPay". Тиркеменин каалаган идентификацияланган колдонуучусу бул кызматты колдонуп, онлайн режиминде дарыгерге жазыла алат. Бул үчүн сиз:

1. “MegaPay” мобилдик тиркемесин ачыңыз
2. Кызматтардан "Дарыгерге онлайн жазылууну" тандап, "Жазылуу" баскычын басыңыз.
3. Өздүк маалыматтар тастыкталгандан кийин, система сиздин маалыматыңызды автоматтык түрдө көрсөтөт
4. Керектүү адисти тандаңыз
5. Ыңгайлуу күндү жана убакытты тандап, ырастаңыз.

Онлайн каттоо даяр, санариптик талонду сактап, кабыл алууга барган күнү медициналык каттоочуга жана/же дарыгерге көрсөтүңүз.

Кандайдыр бир себептерден улам сиз дарыгерге бара албай калсаңыз, "Жазылууну жокко чыгаруу" жаңы функциясы бар экенин эске алыңыз.

Хирург жана травматолог сыяктуу кууш адистердин кабыл алуусу да бар. Министрликтин жумушчу тобу онлайн режиминде жазылуу мүмкүн болгон кууш адистердин тизмесин кеңейтүү зарылдыгын карап жатат.

Эскерте кетсек, бейтап ден соолугун текшертүү үчүн кайрыла турган эң алгачкы медкызматкер бул үй-бүлөлүк дарыгер же үй-бүлөлүк медайым болуп саналат.

Үй-бүлөлүк дарыгер үй-бүлөлүк медайым менен биргеликте көпчүлүк ооруларды аныктайт жана дарылайт, баланын өнүгүшүнө жана өнөкөт оорулары бар бейтаптардын ден соолугунун абалына көз салат, бейтаптарды керектүү кууш адистерге жана лабораториялык жана/же инструменталдык изилдөөлөргө жиберет, ошондой эле ооруларды алдын алуу жана дарылоо боюнча сунуштарды берет.

Министрлик ошондой эле «Дарыгерге онлайн жазылуу» кызматын жөнөкөй жана ыңгайлуу кылуу максатында популярдуу мобилдик тиркемелер менен интеграциялоонун үстүндө иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий