• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Тажикстандын ТИМ башчылары телефон аркылуу суйлөштү

Саясат 0

Бишкек, 29.12.23. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Сироджиддин Мухриддин бүгүн телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу КР Тышкы иштери министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Тараптар кыргыз-тажик алакаларынын күн тартибиндеги маанилүү маселелерин талкуулашкан.

"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кесиптештер өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү максатында биргелешкен ишти активдештирүүгө ниеттерин билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий