• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын жээгиндеги муздарды тазалоо жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 29.12.23. /Кабар/. «Бишкексуучарба» муниципалдык ишканасы Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын жээгиндеги муздарды сындыруу, тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Октябрь, Биринчи май, Ленин райондорунда механикалык жана кол менен жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын нугунда муз тыгыны пайда болушуна жол бербөө максатында профилактикалык иштер тынымсыз жүргүзүлүүдө.

Бишкек мэриясы жарандарга негизги магистралдык каналдарга жана коллектордук-дренаждык тармактарга таштанды таштабоону жана шаардык кызматтын кызматкерлеринин эмгегин урматтоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий