• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте мектеп жана соода борборлоруна бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат бергендер кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.12.23. /Кабар/. Бишкекте мектеп жана соода борборлоруна бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат тараткандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан террордук коркунучтар боюнча анонимдүү чалуулар көбөйүп кеткендигин аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, козголгон кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын аймактарында жардыруучу заттар коюлган деген анонимдүү телефон чалууларды жасаган адамдардын тобу аныкталып, кармалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР 2009-жылы туулган Ж.Д.А., 2008-жылы туулган М.М.У. 2008-жылы туулган Д.Д.Б. жана К.А.А. аттуу жарандары кармалган. Алар 2023-жылдын 30-ноябрында жана 18-декабрында чет элдик абонент аркылуу анонимдүү чалуулар үчүн буйрук беришкен, андан кийин Бишкек шаарындагы орто жана жеке менчик мектептердин даректерине жардыруучу түзүлүштөр орнотулгандыгы тууралуу анонимдүү чалуулар келип түшкөн.

Белгилей кетсек, аталган КР жарандарынын бул аракеттери жеке максаттарда, атап айтканда, бейбаштык мүнөздө окуу процессин үзгүлтүккө учуратууга багытталган.

Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп, кармалган жарандар КР мыйзамдарына ылайык жазага тартылат.

Ушуга байланыштуу УКМК бул жосундарды жасоого КР Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине (“Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү”) ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилиги, 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралганын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий