• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте “Олимп” оюн клубуна айыппул салынды

Коом 0

Бишкек, 12.07.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы борбор калаадагы ишканаларды текшерип, пандемия учурунда санитардык талаптардын аткарылышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Өткөн түнү эле санитардык кызмат 65 мекемени кыдырып, алардын ичинен эреже бузган бир мекеме аныкталган – Фрунзе көчөсүндө (300/3) жайгашкан “Олимп” оюн клубу. Ага “Бузуулар тууралуу кодекстин” 293-беренеси боюнча протокол түзүлгөн – 3 миң айыппул каралган.

“11-июлга карата 247 протокол түзүлүп, айыппулдун өлчөмү 1 млн 121 миң сомду түздү”, - деп билдирет мэрия.

Пикир

Оставить комментарий