• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан тажик элчисине чек ара маселесине байланыштуу нааразычылык нотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. КР Тышкы иштер министрлиги тажик тараптан Унжу-Булак жергесине орнотулган контейнерди демонтаждоону талап кылды, - деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Алардын маалыматына ылайык, Тажикстандын Кыргызстандагы элчисине тажик аскерлеринин жана аскердик техникаларынын Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак жергесинде Кыргызстандын аймагына кирип келишине карата КР ТИМинин нааразычылк нотасы тапшырылды.

«Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жетекчилигине тажик тарап тараптардын чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттөр аралык делегацияларынын деңгээлинде жетишилген келишимдерди, андан тышкары КР менен ТРнын 2021-жылы 1-майдагы коргоо министрликтеринин өкүлдөрүнүн жумушчу жолугушуусунун протоколун бузуу менен эки өлкөнүн чек араларындагы абалды курчутууга алып келүүчү кезектеги чагымчылдык аракеттерди көрүп жатканы көрсөтүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

Ошентип, кыргыз тарап эки өлкөнүн чек арасындагы кырдаалдын мындан ары курчушун алдын алуу максатында тажик тараптан Унжу-Булакка орнотулган контейнерди демонтаждоону, аскерлерди жана аскердик техниканы алып кетүүнү талап кылды.

Белгиленгендей, келишимдерге карабастан Тажикстандын чек ара өкүлдөрү чек арадагы чыңалууну басуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн качуу менен чалууларга жооп бербей, байланышка чыкпай жатат.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен тажик тарап Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Унжу-Булак жергесиндеги кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкесине контейнер орнотуп, андан 1 миң метр алыстап кеткени белгилүү болгон.

Ошондой эле, тажик тараптан автоунааларда жана жеңил брондолгон техникаларда аскер кызматкерлеринин топтолуусу байкалган.

Кыргыз тараптан абалды тараптардын чек ара өкүлдөрүнүн деңгээлинде жөнгө салуу боюнча бардык чаралар көрүлүп жатат, бирок Тажикстандын чек ара өкүлдөрү телефондук чалууларга жооп бербей жатат.

Пикир

Оставить комментарий