• 88.68
  • 95
  • 0.95

БУУ КЖКБнын аймактык өкүлү министрлер кабинетинин ардак грамотасы менен сыйланды

Саясат 0

Бишкек, 05.04.24. /Кабар/. Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын (БУУ КЖКБ) Борбор Азиядагы аймактык өкүлү Ханс Фридрих Шоддер менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар качкындардын укукта рын камсыз кылуу, мыйзамдык базаны иштеп чыгуу, качкын макамын аныктоонун зарыл процедураларын жана механизмдерин киргизүү, алардын көйгөйлөрүн чечүү жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Муратбек Азымбакиев БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлорунун маанилүү позитивдүү ролун белгилеп, Кыргыз Республикасынын аймагындагы качкындардын укуктарын коргоо жана эл аралык милдеттенмелерин аткаруу боюнча БУУнун КЖКБ менен мындан ары тыгыз кызматташууга кыргыз тараптын умтулуусун ырастады.

Өз кезегинде Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарлыгынын Борбор Азиядагы Аймактык өкүлү Ханс Фридрих Шоддер Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташтыкты жана качкындар арасында жарансыздыктын учурларын азайтууда өлкөдө жетишилген олуттуу прогрессти жогору баалады. Кыргызстан 2019-жылы жарансыздыктын бардык белгилүү учурларын жок кылган дүйнөдөгү биринчи өлкө катары таанылды.

Жолугушуунун соңунда Муратбек Азымбакиев жетекчиликтин атынан Кыргыз Республикасынын аймагындагы качкындардын укуктарын коргоого кошкон салымы үчүн, БУУнун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарлыгынын башкармалыгынын аймактык өкүлү Ханс Фридрих Шоддерге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасын тапшырып, жогорку мамлекеттик сыйлык менен куттуктап, мындан аркы кесиптик ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий