• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин Панфилов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылды

Коом 0

Бишкек, 14.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 14-мартта Бишкектин Панфилов көчөсүнүн Фрунзе көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган тилкеде ирригация орнотуу, жолдун батыш тарабындагы тротуарды иретке келтирүү менен толук реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт.

Бишкек шаарынын мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий