• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москвада Кыргызстандын 30 жараны кармалды

Коом 0

Бишкек, 27.12.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Москвада эки кыргызстандык жасалма документ боюнча сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу КРнын РФгы элчилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 25-декабрда Москванын Текстильщик районунда полиция Кыргызстандын 30 жаранын кармаган. КР элчилигинин өкүлдөрү окуя болгон жерге барып, кармоонун себеби пландык чет элдик жарандардын документтерин каттоо болуп саналган.

Билдирүүгө ылайык, элчиликтин өкүлдөрү келгиче 19 адам кое берилген.

“Калган 11 КР жараны миграциялык мыйзамды бузгандыгы аныкталган. Протоколдорду биргелешип кароо учурунда тергөөчү документтердин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу 9 адамга айып пул салган. Россиянын аймагында жасалма документ менен жүргөндүгү үчүн эки жарандын протоколу сот органдарына өткөрүлүп берилген”,-деп айтылат маалыматта.

Элчилик документ жасоодо ортомчу адамдардын жардамы менен колдонбоо керектигин дагы бир жолу эскертет.

Пикир

Оставить комментарий