• 80.26
  • 79.23
  • 1.36

Сак болуңуз! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болот

456 кароо Коом 0

Бишкек. 03.06.22. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 19-24 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

Буга байланыштуу министрлик шаардыктарды этият болууга чакырат жана шамал болгон кезде коопсуз жайларда болуу керектигин эскертет.

Пикир

Оставить комментарий