• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

МСК: Беш айда 60,8 млрд сом салык жыйналды

Экономика 0

Бишкек, 03.06.22. /Кабар/. 2022-жылдын январь-май айларында Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик бюджетке 60 млрд 866 млн сом салык жана төлөмдөрдү жыйнады.

МСКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бекитилген план 102,1 %га аткарылды же 1 млрд 245,6 млн сомго ашык чогултулду.

2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 22 млрд 436 млн сомго көп жыйналды (өсүү ыргагы 158,4 %).

Пикир

Оставить комментарий