• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЕБ Кыргызстанга санариптештирүүнү өнүктүрүүгө кошумча каражат бөлөт – Петер Буриан

Экономика 0

Бишкек, 19.11.19. /Кабар/. Европа Биримдигинин (ЕБ) Кыргызстандын бюджетин колдоосу ЕБдин өлкөдө болуп жаткан реформаларга болгон ишенимин көрсөтөт. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан эл аралык донордук конференциянын жүрүшүндө Европалык Биримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан билдирди.

Ошол эле мезгилде, ал, мындай колдоо дайыма эле боло бербесин айтып, өлкөнүн артыкчылыгы катары инвестицияларды чакыруу жана ички ресурстарды колдонууга болгон умтулуусун баалады.

“Бул артыкчылыктар Кыргызстандын өнүгүү программасында көрсөтүлгөн. Мен аларды ишке ашырууга болгон күчтүү саясий эркти белгилеп кетким келет”, - деди ал.

Буриан баса белгилегендей, ЕБ мындан ары да Кыргызстандын күчтүү жана туруктуу өнөктөшү болуп кала берет. Бул эки тараптуу кызматташтык боюнча документте да көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий