• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чыңгыз Айтматов Өзбекстанда эскерилди

Коом 0

Бишкек, 12.12.19. /Кабар/. Бүгүн, 12 декабрь күнү Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов жана элчиликтин кызматкерлери Ташкенттеги Чынгыз Айтматов атындагы көчөдө жазууга арналып орнотулган барельефине барып гүл коюшту. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинен билдиришти.

Улуу жазуучунун жаркын элесин эскергени Өзбекстандагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү да келишкен.

Андан кийин Жунусов Өзбекстандын Журналистика жана массалык байланыш университетине барып, Чынгыз Айтматовдун 91-жылдыгына карата университет тарабынан уюштурулган тегерек столго катышкан.

Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу докладдарын окушкан. Аны менен катар Чынгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча талкуу жүргөн.

Иш-чаранын соңунда Жунусов университеттин китепканасына Чынгыз Айтматовдун чыгармалар жыйнагын тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий