• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Түркия: лицейдин жатаканасында 100дөн ашык окуучу газга ууланышты

Дүйнө 0

Бишкек, 12.12.19. /Кабар/. Түркиянын Османжик шаарында 100дөн ашык мектеп окуучулары газга ууланышты. Алардын бешөөнүн абалы оор деп бааланууда. Бул тууралуу Чорум провинциясынын губернаторунун билдирүүсүн РИА Новости жазат.

Маалыматка ылайык, газга ууланган кыздар ооруканага жаткырылган. Алардын жыйырмасына медициналык жардам көрсөтүлүүдө, бешөө жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бирок, кыздар эс-учун жоготкон эмес.

"Өмер Дериндер лицейинин кыздар жаткан жатаканасында 103 окуучу эртең мененки саат 5:40да газдын сызылып чыгышынан ууланган", - деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктар агенттигинин кызматкерлери мектеп имаратын изилдөөдө.

Пикир

Оставить комментарий