• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Орусия соцтүйүндөр менен мессенджерлердин альтернативасын түзүүгө даяр

Дүйнө 0

Бишкек, 05.11.18. /Кабар/. Орусия менен Кытай Twitter, YouTube жана Facebook өңдүү дүйнөлүк алдыңкы интернет-сервистерге «альтернативаларды» түзүүгө даяр болушу керек. Бул тууралуу Орусиянын Байланыш жана массалык коммуникация министри Алексей Волин IV кытай-орус медиафорумунда билдирди.

Анын айтымында, жогоруда айтылган америкалык медиаталаалар орус жана кытай ЖМКларынын маалыматтары такталбаганын жүйө келтирип, аларды «четке чыгарып коюуда». Чиновник муну «адилетсиз атаандаштык» деп атап, эгер абал ушул бойдон кала турган болсо, Орусия өз көз карашын таркатуу үчүн «жаңы соцтүйүндөр менен мессенджерлерди түзүүгө аргасыз болорун» белгиледи.

Буга чейин Волин бөгөт коюу — маалымат тарткатууга каршы күрөштө натыйжа бербей турганын билдирген. Ал мисал катары Кытайда тыюу салынганына карабастан Telegram менен WhatsApp мессенджерлеринин иштеп жатканын келтирген. Орусиянын өзүндө да бөгөт коюлган Telegram ишин дале улантууда.

Twitter жана Facebook социалдык түйүндөрү, ошондой эле YouTube сервисине ээлик кылган Google компаниясы Орусия тарапты киберчөйрөдө жалган аккаунттарды ачуу менен жалган маалыматтарды таркатуу аракетине айыпташкан. Сентябрдын башында Facebook менен Twitter түйүндөрүнүн топ-менеджерлери АКШ Сенатынын чалгын комитетинде сүйлөп, алар чет өлкөлөрдүн америкалык демократияга каршы чабуулдарына каршы экендиктерин билдиришкен.

Мурдараак Twitter Демократиялык партиянын атынан АКШдагы утурумдук шайлоолорго катышпоого чакырган 10 миң шектүү аккаунтту өчүргөн. Октябрдын ортосунда Twitter орусиялык жана ирандык атайын кызматтардын ишинин жыйынтыгы деп болжолдонгон 10 миллиондон ашык билдирүүлөр менен материалдардын архивин жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий