• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Касым-Жомарт Токаев биринчи расмий сапары менен Россияга барды

Дүйнө 0

Бишкек. 03.04.19 /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 3-апрелде расмий сапары менен Россияга барды. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.

Бул анын мамлекет башчы катары биринчи сапары. Токаевди РФ Тышкы иштер министри Игорь Богдашев жана Казакстандын РФ элчиси Имангали Тасмагамбетов тосуп алышты.

Токаевди Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу өткөрөт. Эки тарап соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча кызматташуу маселелери карашат.

Эске салсак, Нурсултан Назарбаев 19-март күнү отставка кеткен. Касым-Жомарт Токаев 2020-жылга чейин президенттин милдетин аткарат.

Ал буга чейин казак парламентинин сенатынын спикери болчу.

Пикир

Оставить комментарий