• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркиядагы акыркы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 6 адамга жетти

Дүйнө 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Түркиядагы акыркы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 6 адамга жетти. Бул тууралуу Түркия өкмөтүнө караштуу Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу башкармалыгы кабарлайт.

Айрым ЖКМлардын маалыматына ылайык, жабыркагандардын саны 294 адамды түзөт.

Эскерте кетсек, кечээ, 20-февралда Түркиянын Сирия менен чектешкен Хатай провинциясында эки ирет жер титиреген.

“Жер биринчи ирет түркия убактысы боюнча саат 20:04тө силкинип, күчү 6,4 баллга жеткен, экинчи жолу саат 20:07де титиреп, күчү 5,8 баллга жеткен. Жер титирөөнүн очогу Дефне жана Самандаг райондорунда болгон”, - деп айтылат маалыматта.

Жаратылыш кырсыгынын кесепетинен Түркиянын үч жараны каза болгондугу кабарланган.

Буга чейин 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, андан көп өтпөй эле күчү 7,6 баллга жеткен экинчи жер силкинүү орун алган. Жаратылыш кырсыгынан Түркиянын бир нече шаары кыйроого учурап, көптөгөн курмандыктарга алып келди.

Ал эми Сирияда Алеппо, Латакия, Хама жана Тартус провинциялары жабыркаган.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Түркияда кырсыктан каза болгондор үчүн жети күндүк улуттук аза күтүү жана жабыркаган 10 провинцияда үч айлык өзгөчө кырдаал жарыялады.

Пикир

Оставить комментарий