• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекти көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Бишкек шаарында 11-марттан 11-майга чейин борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча эки айлык жарыяланды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эки айлык борбордун инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу, аймагын көрктөндүрүү максатында жарыяланды.

Эки айлыктын алкагында көчөлөрдү тазалоо жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлүп, менчигинин түрүнө карабастан уюмдар жана мекемелердин өкүлдөрү, ошондой эле көп кабаттуу үйлөрдө жана жеке турак жайларда жашаган жарандар тартылат.

Белгилей кетсек, 2024-2025-жылдарга Бишкек шаарын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча штаб түзүлгөн.

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана чарба жүргүзүүчү субъекттерге ишти күчөтүлгөн режимде уюштуруу тапшырылды.

Муниципалдык инспекцияга жана муниципалдык чарба башкармалыгына бекитилип берилген участоктордун абалына көзөмөлдү жана үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу милдети тапшырылды.

Төрт райондун акимдерине МАБ менен биргеликте бекитилген участоктор, анын ичинде административдик-аймактык реформанын алкагында кошулган жаңы аймактар менен тааныштыруу тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий