• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусунун мектептеринин 98 пайызына интернет байланышы жеткирилди

Аймак 0

Бишкек, 22.01.21. /Кабар/. Баткен облусунун мектептеринин 98 пайызына интернет байланышы жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруунун алкагында облустагы 233 мектептин ичинен 228 мектеп интернет менен камсыз болду.

“Азыркы учурда Кадамжай районундагы 3 мектеп оптика-волокондук кабель аркылуу интернет менен камсыздоо иштери жүрүп жатат.Бул жумуштар аткарылса, облустагы мектептер 100% интернет менен камсыздалган болот. Ал эми техникалык себептерге байланыштуу интернет байланышына туташтыруу мүмкүнчүлүгү жок, эң алыскы айылдардагы 2 мектеп бар. Алар Кадамжай районундагы Көтөрмө айыл аймагындагы Кара-Шоро башталгыч мектеби, Баткен районунда Кара-Бак айыл аймагындагы Зардалы айылындагы Н.Сүйүнов атындагы башталгыч мектеби”, - деп кошумчалашты өкүлчүлүктөн.

Белгилей кетсек, билим берүү тармагын санариптештирүү алкагында, билим сапатын жогорулатуу, ата-эне менен баланын, мектептин ортосунда байланышын чындоо максатында “Дисковери” билим берүү мекемеси, “Медас холдинг” аркылуу EduPage, E-kundoluk программаларын колдонушуп, электрондук күндөлүк, электрондук журнал менен 166 мектеп иш алып барууда.

Облустун аймагындагы мектептерде 145 интерактивдүү доска орнотулган. 2020-жылда 22 мектепте электрондук китепкана орнотулду. Балдардын коопсуздугун камсыздоо максатында 168 мектепте видеокөзөмөл камералары орнотулган.

Баткен облусунун аймагында жалпы 3 мектеп инновациялык мектептердин катарына кирип, иш алып барууда. Облустун мектептеринде 2181 компьютер бар.

Пикир

Оставить комментарий