• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто ресторандын жанында асманга ок чыгарган жарандын өздүгү такталды

Аймак 0


Бишкек, 15.01.19. /Кабар/. Милиция кызматкерлери Ош шаарында тапанча менен асманга ок чыгарган жаранды аныкташты. Бул тууралуу Ош шаарынын ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 11-январь күнү социалдык тармактарда кыска тасма чыккан. Видеодогу жаш жигиттердин ичинен белгисиз бирѳѳ тапанчадан асманга ок чыгарган.

Тасма менен таанышкан соң Ош шаарынын милиция кызматкерлери окуя Ош шаарынын "Изюм" ресторанынан алыс эмес жерде, Ленин кѳчѳсүндѳ орун алгандыгын аныктаган.

Иликтѳѳ иш чараларынын натыйжасында тасмадагы балдардын бардыгынын ѳздүгү такталган. Окуяны тактоо үчүн айрымдары Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алынып келген.

"10-январь күнү Ош шаарынын 1998-жылы туулган Г.Н. аттуу тургуну "Изюм" ресторанында туулган күнүн достору менен белгилеген. Ал жактан сыртка чыгып жол боюнда турганда туулган күндүн ээсинин досу С.У. белгисиз үлгүдѳгү куралдан асманга бир нече жолу ок чыгарган", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, ок атуудан жабыр тарткандар болгон эмес.

Учурда бул факты боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматтары ыкчам иликтѳѳ, тергѳѳ амалдарын жүргүзүүдѳ. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий