• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Гданьск шаарынын мэри Павел Адамович кол салуудан улам каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 15.01.19. /Кабар/. Варшаванын Гданьск шаарынын мэри Павел Адамович кол салуудан улам көз жумган. Ага байланыштуу үч күндүк аза күтүү жарыяланды, - деп кабарлайт РИА Новости.

Бул кырсык 13-январь күнү Гданьск шаарында өткөн “WOŚP” кайрымдуулук концерти учурунда болгон. Калаа башчыны белгисиз бир адам бир нече жолу бычак менен урган, бири мэрдин жүрөк жагына тийип калган. Ал ошол замат ооруканага жеткирилген, бирок өзүнө келбестен ооруканадан көз жумган.

Кол салган адам 27 жаштагы мурда соттолган жаран экендиги аныкталган.

15-16-17-январь Варшаванын борборунда аза күтүү күнү деп жарыяланды..

Мындай кол салуунун себептери азырынча билине элек. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий