• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте катуу ылдамдык менен жүргөн метробустар жакында ишке кирет

Коом 0

Бишкек, 15.01.19 /Кабар/. Бишкекте жакында катуу ылдамдык менен жүргөн метробустар ишке кирет. Бирок азырынча так күнү/айы белгисиз.

Алдын ала пландар боюнча, метробустар 2-3 мүнөттүк интервал менен каттайт.

Биринчи этапта маршрутту 12-кичирайонунан баштап, А.Токомбаев (Түштүк магистраль) көчөсүнө андан кийин Жукеев-Пудовкинадан Ибраимов көчөсүнө чейин, анан Токтогул көчөсү менен Фучикке чейин кылуу каралууда.

Экинчи этап Токомбаев (Түштүк магистраль) көчөсүнөн Чортеков көчөсүнө чейин, андан Гагарин, Садырбаев көчөсү менен Фучик көчөсүн өтүп Москва көчөсүнө чыгаруу каралууда.

Мэриянын өкүлдөрү кабарлагандай, метробус – бул жогорку ылдамдыктагы BRT автобус системасы. Алардын жөнөкөй автобустардан айырмасы – алар атайын бир линия менен жүрүп, үзүгү жок линияны түзөт. Жүргүнчүлөрдү түшүрүү жана чыгаруу атайын турникеттер аркылуу жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий