• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын облустук милициясынын башчысы Кочкор районунун тургундары менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 22.01.21. /Кабар/. Бүгүн, 22-январда Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы башчысы Уланбек Аалиев Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя, Жаңы-Жол жана Кара-Суу айыл аймагынын жашоочулары менен жеринде жолугушту. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууда элге 2020-жыл ичинде кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана алдын алууда милиция кызматкерлери тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат берилди. Мындан сырткары чогулган эл көптөн бери көйгөй жаратып келген жер маселеси, мал уруулук, жайыт тууралуу ойлорун эркин, ачык-айкын ортого салышып, ой-пикирлерин билдиришип, суроолоруна тиешелүү так жоопторду алышты.

Ошондой эле Кочкор РИИБнин көчмө кабылдамасы менен эл көп чогулган жерлерге барып, жеринен элдин кайрылууларын кабыл алып, калктын аярлуу катмарынын мүдөөсүн угушту. Айтылган көйгөйлүү маселелерди, талаптарды аткаруу максатында тиешелүү жергиликтүү аткаруу бийлигине билдирилип, сунуш каттар жиберилиет.

Иш-чаранын максаты элдин милицияга болгон ишенимин көтөрүү жана жогорулатуу болуп эсептелинет.

Мындай иш-чаралар облустун бардык шаар, райондорунда өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий