• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөчө абал: Өкмөт жарандарды жаназага көп адам чогултпоого чакырат

Коом 0

Бишкек, 25.03.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов журналисттердин жаназаны кантип өткөрүү керек деген суроолоруна жооп берип жатып, жарандарды жаназада элди көп чогултпоого чакырды.

“Албетте, жаназа - бул мусулманчылыктагы эң маанилүү иш-чаралардын бири, бирок ошол эле учурда эл көп чогула турган жер. Ошондуктан түзүлгөн кырдаалга байланыштуу биз жарандарды түшүнүү менен кабылып, көп адам чакырып, чоң иш-чара өткөрбөөгө чакырат элек. Мүмкүн болсо азыраак адам чакырсаңыздар. Биз, өзүбүз тараптан мүмкүн болушунча шарттарды түзүп берүүгө аракет кылабыз”,- деп убада кылды вице-премьер.

Ошондой эле Боронов мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын, ошондой эле киргизилген өзгөчө абалдын маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда дагы 26 адамда коронавирус аныкталды. Алардын арасында жаш балдар да бар. Учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетти. Баткен облусу – 1 адам, Cузак району - 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 8, Ош шаарында – 1 жана Бишкек шаарында – 2 адам.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий