• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР Профсоюздар федерациясы 8 курорттук жайды узак мөөнөткө ижарага берет

Коом 0

Бишкек, 21.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын профсоюздар федерациясы кеңештин жыйынынын жыйынтыгында 8 курорттук жайды өз ара пайдалуу шартта КР президентинин иш башкармалыгына жана министрлер кабинетине өткөрүп берүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында федерациянын төрагасы Омор Арстанбеков билдирди.

Асртанбековдун айтымында, анын ичинде:

- "Жети-Өгүз" санаторийи;
- "Кыргызстан№" санаторийи ;
- "Арсланбоб" пансионаты;
- "Чолпон-Ата" эс алуу үйү;
- "Ош" дарылоо пансионат;
- "Арстанбап-Ата" туристтик пансионаты;
- "Ош" туристтик комплекси;
- "Улан" балдардын ден соолукту чыңдоо борбору бар.

"Буга чейин "Жыргалаң" санаторийинде өткөн жумушчу жыйындын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров федерация жетекчилерине колдоо көрсөтө албаган мекемелерди ижарага берүүнү сунуштаган. Курорттор бүгүнкү күндө материалдык-техникалык базасын түп-тамырынан бери жакшыртып, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга муктаж экенин түшүнөбүз. Айрымдары капиталдык оңдоп-түзөө, жакшыртуу жана заманбап эмеректер менен жабдууну талап кылат. Буга байланыштуу тышкы инвестицияны тартуу үчүн шарттарды түзүү зарылдыгы келип чыкты. Ошентип, өткөн жумада өткөн федерациянын кеңешинин жыйынтыгында токтом кабыл алынып, ал министрлер кабинетинин кароосуна жөнөтүлдү", - деди ал.

Өз кезегинде Байланыш кызматкерлеринин республикалык профсоюздар комитетинин төрагасы Калыбек Өмүралиев белгилегендей, федерация көп жылдардан бери карамагындагы бардык объектилерде шарттарды сактоого аракет кылып келет.

"Көптөгөн инвестициялык сунуштар болду, бирок белгилүү бир шарттардан улам долбоорлор ишке ашкан жок. Бирок, алардын арасында ийгиликтүүлөрү да бар экенин белгилей кетүү керек", - деп жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий