• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн чатырын шамал учуруп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 22.01.21. /Кабар/. Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн чатырын шамал учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-январда саат 9:57де ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгына Сулайман-Тоо кичи шаарчасынын Урицкий көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн чатырынын бир бөлүгү катуу шамалдан улам жерге кулап, бир бөлүгү үйдүн үстүндө асылып, жарандарга кооптуу абал жаратып калгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Окуя болгон жерге 2 куткаруу тобу барып, кооптуу абал жараткан үйдүн чатырын эч кандай зыян келтирбестен жерге түшүрүп, коопсуз жайга коюп беришкен.

Жыйынтыгында Сулайман-Тоо кичи шаарчасынын Урицкий көчөсүнүн №15 үйүнүн 280 чарчы метр чатырын шамал учурган.

Пикир

Оставить комментарий