• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды

Кырсык 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. Жалал-Абадда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 27-январь күнү саат 06:28де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Таш-Көмүр шаарында 2,5 балл, Аксы районунун Жыл-Көл, Кум айылдарында 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий