• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир жылда өрт кырсыктарынын саны 16%га өстү

Кырсык 0

Бишкек, 06.12.23. /Кабар/. Кыргызстанда бир жылда өрттүн саны 16%га өстү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде 2023-жылдын 11 айынынын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча 11 айда 3 миң 116 өрт кырсыгы катталып, куткаруучулар кырсыктан 39 адамдын өмүрүн, 13 млрд сомдон ашуун материалдык чыгымды сактап калышты.

"Тилекке каршы өрт кырсыгынан 29 адам көз жумуп, тилсиз жоо 1 млрд сомдон ашуун чыгымды алып келди. Ошентип, 2022-жылга салыштырмалуу өрт кырсыгы 15.9 %га өскөн. Суу кырсыгынан 103 адам (2022-жылы 84 адам) каза болгон", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий