• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кызыл-Кыяда сарайдан өрт чыгып, 500 тоок жана жөжөлөр күйүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 17.03.21. /Кабар/. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын Киргизская көчөсүндө аянты 40 чарчы метр сарайда өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, сарайдын ичиндеги 350 тоок, 150 жөжө күйүп кеткен. Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккан.

Министрликтен кошумчалашкандай, акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган.

Пикир

Оставить комментарий