• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР жана РФ салык органдары биргелишкен долбоорду ишке ашыруунун башталышын талкуулашты

Экономика 0

Бишкек, 22.01.21. /Кабар/. Бүгүн, 22-январында КР Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Кабыл Абдалиев РФ Федералдык салык кызматынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Вольвач менен видео конференция форматында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу КР МСКнын басма сөз кызматы билдирет

Онлайн жолугушууга КР Салык кызматынын төрагасынын орун басары К.Шатемиров да катышты.

Видео конференциянын жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясы ортосундагы Кыргызстанда салыктык башкаруу системасын өнүктүрүү жөнүндө макулдашууну колдоо маселелерин, ошондой эле долбоорду ишке ашыруудагы алгачкы чараларды талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө К.К.Абдалиев Макулдашуунун күчүнө кириши боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берип жатып, анын жоболорун ишке киргизүү боюнча иштердин тез арада башталышына кызыкдар экендигин белгиледи.

Россиянын Федералдык салык кызматынын жетекчисинин орун басары Д.В.Вольвач өз кезегинде Россия Федерациясында долбоорду колдоонун статусу жана Федералдык салык кызматынын ишке киргизүүгө толугу менен даярдыгы жөнүндө маалымдады.

Пландалган иш чараларды ишке ашырууда эки тараптын тең кызыдарлыгын белгилөө менен талкуунун жыйынтыгында тараптар жолугушуу өткөрүү тууралуу макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий