• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда "Элкарт" улуттук төлөм системасынын кредиттик карталары пайда болот

Экономика 0

Бишкек, 11.05.22. /Кабар/. Кыргызстанда "Элкарт" улуттук төлөм системасынын кредиттик карталары пайда болот. Бул тууралуу Улуттук банкттын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УБнын Төлөм системасы боюнча комитетинин токтому менен "М Булак" микрокредиттик компаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомуна жана "Банктар аралык процессинг борбору" жабык акционердик коомуна атайын жөнгө салуу режиминин алкагында, 2020-жылдан 28-октябрынан тартып 2022-жылдын 30-апрелине чейинки мезгил аралыгында жүргүзүлгөн тестирлөө банк операцияларынын төмөнкү чектелген тизмесин жүргүзүү боюнча ийгиликтүү деп табылды:

- нак эмес кредиттерди берүү үчүн "Элкарт" улуттук төлөм системасынын алдын ала чыгарылган, чектелген функционалдык кредиттик карттарын чыгаруу;

- «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карттарын "М Булак" МКК POS-терминалдары/QR-коддору аркылуу эквайринги, анын ичинде POS-терминалдарды орнотуу/ QR-коддорду колдонуу боюнча соода-тейлөө ишканалары менен келишимдерди түзүү, товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөдө төлөм каражаты катары "Элкарт" улуттук төлөм системасынын карттарын кабыл алуу, ошондой эле коммерциялык банктар жана/же электрондук акча менен эсептешүү системаларынын операторлору менен түзүлгөн келишимдердин алкагында соода-тейлөө ишканалары менен эсептешүүлөрдү камсыз кылуу.

Белгиленгендей, атайын жөнгө салуу режиминин мөөнөтү "М Булак" ЖЧК жана "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАК үчүн 2022-жылдын 1-майынан 2022-жылдын 1-ноябрына чейин узартылды.

Атайын жөнгө салуу режиминин катышуучулары болуп "М Булак" ЖЧК жана "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАК эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий