• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

1-июлга чейин аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 24.06.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, 25-27-июнь күндөрү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

28-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жана 29-июнда тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Ал эми 30-июнда жана 1-июлда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.

Пикир

Оставить комментарий