• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарында Майыптардын эл аралык күнү салтанаттуу белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Нарында бүгүн Майыптардын эл аралык күнүнө арналган маданий иш-чара өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага катышкан президенттин өкүлүнүн орун басары Нурбек Сатаров бул күн тагдырдын оор сыноосун эрки менен жеңип келаткан күчтүү адамдардын күнү экенин белгилеп, майрам ээлерине ден соолук каалады.

Маданий иш-чара Нарын шаардык мэриясынын жана маданият бөлүмүнүн майрамдык программасы менен коштолду. Катышуучулар арасында "Ийгилик дарагы" лотереясы ойнотулуп, утуп алгандар баалуу белектерге ээ болушту.

Белгиленгендей, Майыптар күнүнө карата президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн резервдик фондунан 180 миң сом бөлүнүп, Нарын облусундагы 18 майыптыгы бар адамдардын коомдук уюмуна которулган.

Бүгүнкү күндө Нарын облусунда жалпы 12 миң 354 майыптыгы бар адам бар. Алардын ичинен 7 миң 16 адам социалдык фонддо, 5 миң 338 адам эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгында каттоодо турат.

Пикир

Оставить комментарий