• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Базар-Коргондо 225 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жоон айылында №42 К.Сооронбаев атындагы орто мектептин жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.

Билим берүү уясы 225 орунга ылайыкташкан.

Аталган мектептин мурда колдонулуп жүргөн имаратынын бири 1989-жылы салынса, экинчиси 1997-жылы ишке берилген. 2015-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан мектеп жараксыз абалда экени аныкталып, тиешелүү корутунду чыгарылган. Ага ылайык, республикалык бюджеттин эсебинен 225 орунга ылайыкталган жаңы мектеп курулуп, пайдаланууга берилүүдө.

Мектептин ачылышына Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев катышып, жаңы мектепке жардам катары 300 миң сомдун сертификатын жана заманбап компьютерлерди тапшырып, агартуучуларды билим берүүнүн сапатын жогорулатууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий