• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн балаты майрамы уюштурулду

Аймак 0

Ош, 25.12.18. /Кабар/. Ош шаарында 23-декабрь күнү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн жаңы жылдын алдында “Балдарга жакшылык жана күлкү тартуулайбыз” аттуу кайрымдуулук концерти уюштурулган.

Аталган иш-чарага Ош шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормонов катышып, уюштуруучуларга 100 миң сомдук сертификат тапшырган. Берилген каражат “АВА мама+” аутизм менен балдарга жардам берүү борборун өнүктүрүүгө жумшалат.

Концерт учурунда майып балдарга жана аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдарына 255 белек берилген. Андан тышкары чогулган акчаларга дагы 80 белек алып, майрамга келе албай калган майып балдарга тапшырылат.

Аталган акциянын уюштуруучулары “Smаil KG” коомдук фонду.

Пикир

Оставить комментарий