• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түп районунда Молдовадан келген дыйкандар 25 га жерге чычырканак отургузушту

Аймак 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Түп районунда Молдовадан келген дыйкандар 25 гектар жерге чычырканак отургузушту. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин өкүлү Эмилбек Абдыкадыров Түп районунун Михайловка айылында 25 гектар жерге европалык чычырканактын көчөттөрү отургузулган питомниктин иши менен таанышты.

Мурда эч нерсе өспөгөн, асылдуулугун төмөн талаага Молдовадык инвесторлор кызыгып демилге көтөрүп ишке ашууда. Маалыматка ылайк ар бир гектарга болжол менен жер 10 миң АКШ доллары сарпталган. Питомникте тамчылатып сугаруу системасын колдонулат.

Облус жетекчиси менен болгон баарлашууда инвесторлор дагы 25 гектарга чычырканак эгүүнү пландап жатканын айтышты.

Облус жетекчиси Эмилбек Абдыкадыров бул долбоорду ишке ашыруу райондун экономикасын гана эмес, аймактын экологиясын да жакшыртат деп баса белгиледи.

"Экологияны оңдоп ишкерлик кылуу бул адал нерсе. Какыраган талааны деп түшүмдүү жана кирешелүү жерге айландыруу бул мыкты жетишкендик", - деди облус башчы.

Пикир

Оставить комментарий