• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Монголиянын президенттери кызматташтык маселелерин талкуулашты

Президент 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) климат боюнча иш-аракеттердин Бүткүл дүйнөлүк саммитинин аянтчасында Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Өлкөлөрдүн лидерлери эки тараптуу кыргыз-монгол кызматташтыгын ар кандай чөйрөлөрдө кеңейтүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашып, келечекте биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктарын белгилешти.

Президент Садыр Жапаров жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух Кыргызстан менен Монголия достук мамиледеги өлкөлөр экендигин айтып, эки мамлекет ортосундагы саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык тармактарда өнөктөштүктү активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий