• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ϴзгөн районунун жашоочуларына акысыз укуктук кеп-кеңеш берилди

Аймак 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 21-июнда “Тилектештик автобусу” долбооруна тартылган адвокаттар жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан Ош облусунун ϴзгөн районундагы Кеңеш, Кызыл-Кырман, Кош-Коргон, Айгыр-Жал, Дөң-Булак, Чынбай, Бабаш уулу, Бахмал, Төлөс жана Янги-Абад айылдарынын жашоочуларына 88 акысыз укуктук кеп-кеңеш берилди.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуулар Баш-Добө жана Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн базасында болуп өттү.

Жергиликтүү тургундар негизинен пенсияларды жана жөлөк пулдарды чегерүү маселелери боюнча, жер участокторун берүү жана аларга документтерди тариздөө, паспорт алуу жана башка маселелер менен кайрылышкан.

22-июнда “Тилектештик автобусу” Ош облусунун ϴзгөн районундагы Мырза-Аке айылына барат. Калк менен жолугушуу Н. Нурбаев атындагы орто мектептин базасында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий