• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын облусунда “Тилектештик автобусу” акциясы башталды

Аймак 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Нарын облусунда “Тилектештик автобусу” акциясы башталды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ацияга тартылган адвокаттар жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Талды-Суу, Өзгөрүш, Биринчи Май жана Большевик айылдарынын жашоочуларына 40 акысыз укуктук кеп-кеңеш берилди. Жолугушуулар А. Осмоналиев атындагы орто мектептин базасында өттү.

Жергиликтүү тургундар негизинен пенсияларды жана жөлөк пулдарды чегерүү маселелери боюнча, жер участокторун берүү жана аларга документтерди тариздөө, паспорт алуу жана башка маселелер менен кайрылышкан.

Учурда “Тилектештик автобусу” Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылында жайгашкан, анда адистердин мобилдик тобу ишин К.Кермалиев атындагы орто мектептин базасында улантып жатат.

22-июнда “Тилектештик автобусу” Нарын облусунун Ат-Башы айылына барат. Калк менен жолугушуу К.Мамбеталиев атындагы орто мектептин базасында болуп өтөт.

Пикир

Оставить комментарий