• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Ошто юристтер күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 26.06.23. /Кабар/. Ошто юристтер жана мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө карата футбол боюнча мелдеш өттү.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ага шаардык муниципалдык мекеме-ишканалардын, уюмдардын, Ош шаардык жана облустук ички иштер башкармалыктарынын, юстиция башкармалыгынын, сот жана көзөмөл органдарынын эмгек жааматтарынан 14 команда катышып, төмөнкүлөр байгелүү орундарга ээ болушту.

Мелдештин жеңүүчүлөрү:

  • 1 - Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын командасы;
  • 2 - Ош шаарынын мэриясынын командасы;
  • 3 - Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын командасы.

Бүйүр кызыткан спорттук иш-чара Юстиция министрлигине караштуу юридикалык жардам кызматынын региондор аралык башкармалыгы тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий