• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Футзал боюнча Кыргызстандын U-14 Кубогунун жеңүүчүлөрү аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 25.06.23./Кабар/. Футзал боюнча 14 жашка чейинкилер арасында (U-14) Кыргызстандын Кубогу болуп өттү.

Футзал ассоциациясынан билдиришкендей, мелдеш Бишкекте 20-24-июнь күндөрү өтүп, ага 8 команда катышкан.

Кубоктун жеңүүчүсү болуп Ош шаарынын командасы табылды. Алар финалда Бишкек шаарынын командасын 3:1 эсеби менен жеңип алышты.

Коло байге үчүн болгон беттеште Нарын шаарынын командасы Ысык-Көлдү 4:2 эсебинде утуп алган.

Оюндар бүткөн соң командаларды салтанаттуу сыйлоо аземи өтүп, анда мыкты оюнчулар да аталды.

U-14 Кубогунун мыктылары;

•Мыкты дарбазачы — Төлөмүшов Канатбек (Ысык-Көл);
•Мыкты коргоочу — Худайбердиев Данат (Бишкек);
•Мыкты чабуулчу — Мансуров Эрхан (Ош);
•Мыкты бомбардир — Эсенбеков Айдан (Нарын);
•Мыкты оюнчу — Талайбеков Арсен (Бишкек);
•Мыкты машыктыруучу — Байгазы уулу Уланбек (Нарын);
•Элдин сүймөнчүлүгү — Жамалдинов Нурислам (Ош).

Пикир

Оставить комментарий