• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Январь-май айларында Кыргызстанга 651 миңден ашык өзбекстандык келген

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 25.06.23. /Кабар/. 2023-жылдын январь-май айларында Кыргызстанга Өзбекстандын 650,7 миң жараны келген. Бул тууралуу Өзбекстандын президентине караштуу Статистика агенттиги билдирди.

Ошондой эле 2023-жылдын январь-май айларында өзбекстандыктарр эң көп барган алдыңкы 10 өлкөнүн катарына Тажикстан (422,0 миң адам), Казакстан (255,7 миң), Россия (65,1 миң), БАЭ (59 миң), Түркия (52,7 миң), Сауд Арабиясы (24,4 миң), Кувейт (20,7 миң), Египет (9,1 миң) жана Азербайжан (8,3 миң адам) кирген.

Мекеменин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын башынанбери Өзбекстандын 1 млн 600 миң жараны туристтик максатта чет өлкөгө чыгып келген.

Пикир

Оставить комментарий